Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттүСоцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалдыСуусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди
«Интервидение-2025». «Nomad» триосу Бишкекке кайтып келди
22.09.2025 | 09:18

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Москва шаарында өткөн «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынагында 2-орунду алган «Nomad» триосун Манас эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Кыргызстанды өкүлчүлүк кылган топ 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду камсыз кылып, өлкөнүн маданий жетишкендигин дүйнө жүзүнө таанытты.
Сынактын түз эфирдеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөгө чыгарылып, миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.
Маалыматка ылайык, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.