Администрация: Садыр Жапаровдун сүрөтү менен “арзан насыя” сунуштаган жарнама — алдамчылыкТүркиялык ишкана Балыкчы шаарына жарык берүү системаларын акысыз орнотуп беретБишкек жана Ош мэриясынын кызматкерлеринин айлыгы менен сый акысы көбөйөтКыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясы соода жана бизнес жаатында кызматташатМамкатчы Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чарага катышты«Үч-Коргон» суу сактагычы: Сугат системасы жаңыланып, 817 гектар жер сугарылат
Фучик көчөсүнүн Москва – Дэн Сяопин тилкеси ачылды
22.09.2025 | 09:40

Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун реабилитациясы толугу менен аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыртылды. Ошондой эле «Вокко» ЖЧКсы тарабынан жол белгилери орнотулуп, жол чиймелери түшүрүлдү.
Кийинки этапта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн «Аска-Таш» конушуна чейинки бөлүгү оңдолору белгиленди. Ошондой эле жакынкы күндөрү Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, батыш тарабында кыймыл чектелет. Ал эми чыгыш тарабы эки тилке катары уюштурулат.
Эске салсак, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен реабилитацияланган.