Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Июль айында Кыргызстанга которулган акча 317,7 миллион долларды түздү
22.09.2025 | 12:00

2025-жылдын июль айында Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 317,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды, алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча 19,3 миллион долларды түздү.
Ошондой эле 2025-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандан чыгарылган каражаттардын көлөмү 41,3 миллион долларга жетти. Анын ичинен КМШ өлкөлөрүнө 39,5 миллион доллар, алыскы чет өлкөлөргө 1,8 миллион доллар которулган.