Энергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирди
Ысык-Көлдө масштабдуу ишембилик: 100 кап таштанды чогултулду
22.09.2025 | 12:17

«Евразия KG» коомдук фонду, экологиялык активист Андрей Панаев, Чолпон-Ата шаардык мэриясы, «Тазалык» муниципалдык кызматы жана 50 волонтердун катышуусунда Ысык-Көлдүн жээгинде маасштабдуу экологиялык ишембилик өткөрүштү. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулду.
Жалпысынан үч чакырымдан ашык жээк жана Чолпон-Ата шаарынын паркы тазаланып, 100 кап таштанды чогултулду.

«Евразия KG» волонтерлорго, шаардык кызматтарга жана активдүү тургундарга ыраазычылык билдирип, алардын салымы келечектеги муундардын ден соолугуна жана Кыргызстандын экологиялык аң-сезиминин өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.
Бул иш-чара Кыргызстандын бермети — Ысык-Көлдүн табиятын сактап калууга багытталган коомдук демилгелердин жаркын мисалы болуп калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом