Новосибирскиде 10 жаштагы кыргызстандык баланын жүрөгүнө оор операция жасалдыУлуттук Урбан Форум – 2025. Бишкек мэри шаарды заманбап жана ыңгайлуу кылуунун жолдорун талкууладыБишкекте жөө өтмөктөн 16 жаштагы кызды сүзүп кетиштиМинКаб төрагасы МИК куруп жаткан үйлөрдү көрдүЖылдын мыкты мугалими — 2025. 112 мугалимдин арасынан Элзат Асанова жеңишке жеттиУКМК: Кыргыз улуттук агрардык университетинде тартип бузуулар аныкталды
Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу үчүн дагы 7 күн калды
22.09.2025 | 12:41

Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 7 күндөн кийин аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрү жарандар үчүн процедураны ыңгайлуу жана убагында жүргүзүүнү максималдуу түрдө камсыздап, күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Агенттик чет элдик номурлуу унаа ээлерине мыйзамдаштыруу процессин кечиктирбестен, мүмкүн болушунча тез арада аймактык бөлүмдөргө кайрылууну сунуштады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, 22-сентябрга карата Кыргызстанда чет элдик номурлуу 14 миң 602 унаа катталган:
- Бишкекте — 2 миң 684 унаа;
- Ош шаарында — 907 унаа;
- Баткен облусунда — 892 унаа;
- Жалал-Абад облусунда — 2 миң 381 унаа;
- Нарын облусунда — 275 унаа;
- Ош облусунда — 2 миң 546 унаа;
- Талас облусунда — 474 унаа;
- Чүй облусунда — 3 миң 945 унаа;
- Ысык-Көл облусунда — 498 унаа.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар