Бишкекте 210 млн долларлык турак жай комплексин куруу боюнча келишим түзүлдүБишкектин экс-вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына камалдыБишкекте 55 миң долларлык унааны ээлеп алууга шектелген жаран кармалдыКыргызстанда мыйзамсыз таштанды жайларын уюштургандарга айып пул салуу сунушталуудаКасымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясына барып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладыПрокуратура Түп районунда 163 млн сомдук лагерди мамлекетке кайтарды
Кайра каржылоо: Ишкердикти өнүктүрүү фонду жарандардын насыяларын жабат
22.09.2025 | 12:53

Ишкердикти өнүктүрүү фонду жарандардын жана ишкерлердин насыяларын жабуу боюнча акция жарыялады. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, акциянын алкагында насыялардын пайызы 17%га чейин төмөндөтүлдү, бул коммерциялык банктардыкынан да кыйла төмөн. Фонд ошондой эле кредиттерди кайра каржылоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт: башка банктардан жогорку пайыздык чен менен алынган насыялар жабылып, карыз жүгү азайтылат.
Наcыялар жеке адамдарга жана ишкерлерге жеткиликтүү. Акциянын максаты — карыз жүгүн азайтуу, бизнести өнүктүрүүгө жана үй-бүлөлүк муктаждыктарга каражаттарды бошотуу. Жеңилдетилген насыялар адамдарга өз пландарын ишке ашырууга жана экономиканын өсүшүнө жардам берет.