Бишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүнАла-Букада райондук соттун жаңы имараты ачылдыОрусиядан Кыргызстандын мектептери үчүн 671 миң окуу китеби келдиАраван районунда эки аткаминер пара алып жаткан жеринен кармалды
Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу үчүн дагы 7 күн калды
22.09.2025 | 12:41

Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 7 күндөн кийин аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрү жарандар үчүн процедураны ыңгайлуу жана убагында жүргүзүүнү максималдуу түрдө камсыздап, күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Агенттик чет элдик номурлуу унаа ээлерине мыйзамдаштыруу процессин кечиктирбестен, мүмкүн болушунча тез арада аймактык бөлүмдөргө кайрылууну сунуштады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, 22-сентябрга карата Кыргызстанда чет элдик номурлуу 14 миң 602 унаа катталган:
- Бишкекте — 2 миң 684 унаа;
- Ош шаарында — 907 унаа;
- Баткен облусунда — 892 унаа;
- Жалал-Абад облусунда — 2 миң 381 унаа;
- Нарын облусунда — 275 унаа;
- Ош облусунда — 2 миң 546 унаа;
- Талас облусунда — 474 унаа;
- Чүй облусунда — 3 миң 945 унаа;
- Ысык-Көл облусунда — 498 унаа.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар