Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Кезектеги IV Элдик курултай 22-декабрда өтөт
23.09.2025 | 10:32

Өлкө башчы Садыр Жапаров кезектеги IV Элдик курултайды 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, быйыл курултайга 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо тартиби Улуттук Кеңеш тарабынан бекитилген жобонун негизинде аныкталат. Ошондой эле Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети бекитилген.
Жарлыкка ылайык, Элдик курултай элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук ой-сезимди өнүктүрүү, региондук көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом