Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдар
Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекке келди
23.09.2025 | 10:57

Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган делегация Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышуу үчүн келди.
Форумдун жүрүшүндө миграция жана эмгек агымдары, инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу, Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат