Бишкекте Борбор Азия парламенттеринин форуму өтүүдө

23.09.2025 | 11:00

Бүгүн Кыргызстан борбору Бишкекте «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагалары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

Форумдун негизги максаты — региондогу мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык маселелерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди издөө.

Талкуулана турган негизги темалар төмөнкүлөр:

Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан коргоо жана аймактык экономиканын туруктуулугун камсыздоо;

  • Инвестициялык климатты жакшыртуу: Борбор Азия мамлекеттеринде экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзамдык чаралар;
  • Санариптик суверенитет: киберкоопсуздук жана санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуудагы парламенттердин ролу.
  • Белгилей кетсек, бул форум аймактагы үчүнчү ирет уюштурулуп жатат. Буга чейин ал 2023-жылы Казакстанда, 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.

Кыргызстандагы форум Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, мыйзам чыгаруу жаатындагы аракеттерди бириктирүүгө багытталган.

Scroll to Top