Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Ашуулардагы абал. Министрлик айдоочуларды кышка даярданууга чакырды
23.09.2025 | 21:00
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда каттамдар ачык жана унаа кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканалары инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштерин кызуу улантууда.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу өткөн жолдорду колдонгон айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алуу сунушталат. Бул эскерте кетсек, Кыргызгидромет кызматы 23-24-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом