Кыргызстан менен Жапония эмгек миграциясы тармагындагы кызматташуусун кеңейтүүдө

24.09.2025 | 09:29

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Жапониянын IM Japan ишканасынын президенти Ёсихиса Кимура менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашкан.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жарандарын Жапонияда ишке орноштурууга даярдоо жана жөнөтүү механизмдерин өркүндөтүүгө бурулган. Анын ичинде алдын ала тил жана кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатуу маселелери каралган. Ошондой эле IM Japan ишке ашырып жаткан программаларга кыргызстандыктарды кеңири тартуу жана жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Канат Сагынбаев IM Japan жетекчилигине кыргыз тарап менен түз диалогго болгон кызыгуусу жана умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирген.

Өз кезегинде Ёсихиса Кимура кыргызстандык жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирген.

Scroll to Top