Баткенде топ балдар жаш жигитти ур-токмокко алып, акчасын тартып алышкан

Баткен облусунда топ балдар тарабынан жасалган тоноочулук фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 19-сентябрында болжол менен саат 02:00 чамасында Баткен–Ош автожолунда, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Торговый участкасында болгон. 21 жаштагы Баткен шаарынын тургуну белгисиз жарандар тарабынан токтотулган. Алар жабырлануучуну күч колдонуу менен талаа тарапка алып барып, болжол менен 10 миң сомдук саатын, акчасын жана банк картасынын паролун тартып алышкан. Шектүүлөр банк картасынан 5000 сомду накталай чыгарып алышкан.
Факт Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 6 шектүүнүн өздүгү аныкталды. Алардын ичинен үчөө – Кадамжай районунун Кайтпас айылынын тургундары 20 жаштагы И.Р., Б.Ж. жана А.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.