Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Жоолук салынуудан баш тартканы үчүн кызды сасык сууга салышкан
25.09.2025 | 10:39
20 жаштагы кыз жардам сурап, «Сезим» кризистик борборуна кайрылды. Анын айтымында, жоолук салынуудан баш тартканы үчүн ата-энеси ага физикалык жана моралдык зомбулук көрсөтүп келген.
Кыздын айтуусунда, ал 4-класста окуп жүргөндө, эжеси менен бирге жоолук салынган, эжеси ал убакта 7-класста окуп жаткан. Ал учурда кичинекей болуп, эч нерсени түшүнгөн эмес. Бирок жакында эле жоолук салынуудан баш тартканы жана косметика колдоно баштаганы үчүн ата-энеси аны уруп, “ичине жин кирген” деп айта башташкан.
Окуудан кийин ата-энеси аны молдого алып барышкан. Ал болсо кызды сасык сууга чөмүлтүп, шланг менен урган. Андан кийин узак убакыт дуба окуп, ичиндеги жинди чыгарууга аракет кылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар