Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бишкекте жөө өтмөктөн 16 жаштагы кызды сүзүп кетишти
25.09.2025 | 19:34
Бишкекте жөө өтмөктөн 16 жаштагы кызды сүзүп кетишти. Анын кесепетинен кыз башынан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 23-сентябрь, шейшемби күнү, саат болжол менен 15:00 чамасында Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 36 жаштагы эркек киши Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын Фрунзе көчөсү менен батыш тарапка айдап баратып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзгөн.
Жабыркаган кыз 16 жаштагы У.Э. экендиги аныкталды. Ал башынан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар