Кыргызстан орусиялык «Интер РАО» менен кубаттуулугу 500 МВт болгон ЖЭБ куруу маселесин талкуулоодо

26.09.2025 | 15:49

Кыргызстан орусиялык «Интер РАО» ишканасы менен Чүйдүн Чалдыбар айылында кубаттуулугу 500 МВт болгон жылуулук электр станциясын (ЖЭБ) куруу маселесин талкуулоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Москвада өткөн World Atomic Week форумунда билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Алтынбек Рысбеков ЖЭБди куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жакында гана башталганын билдирген. Анын айтымында, орусиялык ишкана курулуштун подрядчысы болушу, ошондой эле долбоордо үлүшкө ээ болушу мүмкүн.

“Бизде «Интер РАО экспорт» менен биргеликте ЖЭБ курууну ишке ашыруу маселеси каралууда, азырынча кубаттуулугу 500 МВт деп пландаштырып жатабыз. Азыр инвестициялар боюнча да талкуулап жатабыз. Сүйлөшүүлөр жакында гана башталды, ошондуктан азырынча тактык жок”,- деп билдирген ал.

Scroll to Top