Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун кантип алууга болот?

Кыргызстандын жарандары жалпы жарандык паспортту (же загранпаспорт) Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык аймактык бөлүмдөрүнөн же Калкты тейлөө борборлорунан жеке өзү гана барып ала алат. Ал эми чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн жарандар паспорт алуу үчүн Кыргызстанга келбестен, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот.
Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-паспорт);
- Аймактык бөлүмдүн же Калкты тейлөө борборунун кызматкери тарабынан толтурулган анкета-арыз;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөм жүргүзүлгөнүн тастыктаган квитанция.
Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандоого укуктуу.
Жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана берүү жалпы тартипте төлөм жүргүзүлгөн күндөн тартып 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Бирок жарандар паспортту кошумча акча төлөп, аз убакыттын ичинде ала алышат. Жаңы жарандык паспортту шашылыш тартипте тариздөөнүн баасы:
- 8 күндө даярдоо – 32 барак үчүн 2086 сом, 50 барак үчүн 2154 сом;
- 4 күндө даярдоо – 32 барак үчүн 2151 сом, 50 барак үчүн 2219 сом;
- 2 күндө даярдоо – 32 барак үчүн 2577 сом, 50 барак үчүн 2645 сом;
- 3 саатта даярдоо – 32 барак үчүн 7080 сом, 50 барак үчүн 7148 сом;
Үйдөн паспорт жасатуу үчүн мобилдик топту чакырса болобу?
Кыргызстандын аймагында жалпы жарандык паспортту жасоо үчүн документтерди кабыл алууга арыз берүүчүнүн жашаган жерине аймактык бөлүмдүн же Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери бара алат. Бул кызмат үчүн акы төлөнөт. Төмөнкү категориядагы адамдарга бекер кызмат көрсөтүлөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;
- Карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;
- I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- Жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- Жазаларды аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар (бул мекемелердин администрациясынын өтүнүчү боюнча);
- Күбөлөндүрүлгөн жана айыпталган адамдар камалып турган жайлардагы адамдар (алардын кылмыш иштери өндүрүштө турган орган тарабынан өтүнүчү боюнча).
16 жашка толо элек жарандар жалпы жарандык паспортту кантип ала алышат?
16 жашка толо элек жарандарга жалпы жарандык паспортту алуу үчүн анын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу керек. Себеби документти алуу үчүн ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү талап кылынат.
Эгерде ата-эненин бири документтерди тапшырууга катыша албаса, баланын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн ата-эненин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Эгерде ата-эненин экөө тең катыша албаса, алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана өкүлчүлүк кылууга ишеним каты берилет.
Жалпы жарандык паспорт бир жашка чейинки балага эки жылга, ал эми бир жаштан 16 жашка чейин беш жылга берилет.
16 жашка чыга элек жарандарга жалпы жарандык паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
- Төрөлгөнү тууралуу күбөлүк;
- Ата-энесинин паспорттору(ата-энесинин бири жок болсо, анын өлгөндүгү, жаза өтөп жаткандыгы, ата-энелик укуктан ажырагандыгы, акыл-эси кем экени тууралуу маалым кат);
- 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт берүү ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугунун негизинде жүргүзүлөт;
- Ата-энесинин жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арызы;
- Төлөм жүргүзүлгөнүн тастыктаган квитанция.
16 жашка толо элек адамдарга жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана берүү 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.