Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыБлогер Sary Kyz: Мен Кыргызстандын туризм боюнча амбассадору болдум. Бул абдан сонунДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдө
«Түндүк» тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча онлайн кызматтар жеткиликтүү болду
27.09.2025 | 16:08

Эми жарандар кыймылсыз мүлккө байланышкан бир катар кызматтарды аралыктан туруп эле ала алышат. «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу:
- кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну онлайн каттоо,
- үй-жерди онлайн камсыздандыруу,
- техникалык паспорт алуу үчүн документтерди электрондук форматта тапшыруу,
- кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимдерин онлайн каттоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Бул өзгөрүү жарандарга убакытты үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды алыстан пайдаланууга жол ачат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом