Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
29.09.2025 | 09:25

29-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, өчүрүү зонасына турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка социалдык, өндүрүштүк объекттер кирет.
Суу өчүрүлүүчү аймактар:
- Анкара көчөсү,
- ЧЧК району,
- Аламүдүн дарыясына чейинки тилке,
- Темир жол линиясына чейинки тилке,
- Октябрь көчөсү.
Суу берүү КХБО суу алгычын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана мекемелерден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды жана ыңгайсыздык үчүн кечирим билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом