Өткөн аптада Кыргызстанда 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталдыЧемпиондор Лигасы: «Реал Мадрид» Алматыга учуп келди“Положенец”. Психбольницадан уюшкан топ түзгөн жаран кармалдыЖээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен санкция, миграция маселелерин талкууладыКыргызстан менен Беларусь 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландадыКыргызстанда насыялардын пайыздык чендери төмөндөтүлөт жана айып пулдарга чектөө киргизилет
Казакстандан ташылып келе жаткан 44 тонна сабиз менен кызылча артка кайтарылды
29.09.2025 | 11:42

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган жүктүн тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок экендиги аныкталган.
“ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору продукция болгондуктан, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар