Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Курулуш министрлиги Бишкектин борборундагы көп кабаттуу үйдүн курулушун токтотту
29.09.2025 | 11:44

Even KZ курулуш компаниясынын Бишкектин борборундагы курулуш иштери эрежелердин бузулушунан улам убактылуу токтотулганын Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Кечээ, 28-сентябрда министр Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин пландан тышкаркы текшерүүгө алды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Москва көчөсү, 120 (Орозбеков көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербегени, ошондой эле курулуш иштеринин мыйзамдуулугун тастыктаган курулуш паспорту жок экендиги аныкталган.
Алтургай жеринде иш алып барган Even KZ компаниясына айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулган.