Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Казакстандан ташылып келе жаткан 44 тонна сабиз менен кызылча артка кайтарылды
29.09.2025 | 11:42

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган жүктүн тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок экендиги аныкталган.
“ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору продукция болгондуктан, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар