Бишкекте психотроптук дарыларды уруксатсыз сатууга шектелип дарыкана кызматкери кармалды

Бишкек шаарында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди уруксатсыз сатууга шектелип 41 дарыкана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына ыкчам маалымат түшүп, анда Октябрь районун аймагындагы дарыканалардын биринде фармацевт кызматкери психотроптук күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди дарыгердин уруксат кагазы жок тааныштарына сатып жүргөнү айтылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 41 жаштагы Н.Г.Б. аттуу жаран аныкталып, тергөөгө жеткирилген.
Милициянын маалыматында, шектүүнүн капчыгынан кароо учурунда психотроптук күчтүү таасир этүүчү «Лирика» жана «Тропикамед» дары-дармектери табылган. Учурда алар соттук-экспертизага жөнөтүлдү.