Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
ЖКККББ аба ырайынын начарлашына байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлүргө кеңеш берди
01.10.2025 | 10:05
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө эскертүү берди.

Азыркы тапта өлкө боюнча аба ырайы туруксуз болууда. Айрым аймактарда жамгыр жаап, кар жаап жатат, жолдор тайгак, туман жана катуу шамал болууда. Мунун баары жолдогу коопсуздукту кыйла төмөндөтөт.
Айдоочуларга сунушталат:
- унаанын техникалык абалын текшерүү, өзгөчө тормоздорду, жарык берүүчү түзүлүштөрдү, айнек тазалагычтарды, дөңгөлөктөрдү жана айнек жуугуч суюктуктун деңгээлин текшерүү керек;
- ылдамдыкты азайтып, аны аба ырайына жараша тууралоо;
- алдыдагы унаадан коопсуз аралыкты сактоо;
- кескин бурулуулардан алыс болуу, айрыкча жол тайгак жана көрүнүш чектелүү учурда;
- жолдогу башка айдоочуларга өз убагында жол берүү.
Жөө жүргүнчүлөргө сунушталат:
- жолдон өтүп жаткан учурда сөзсүз түрдө эки тарапты кылдат кароо;
- түн ичинде же туман учурунда жолдо жакшыраак көрүнүү үчүн чагылдыргыч элементтери бар кийим кийүү.
ЖКККББ белгилегендей, жолдогу этият мамиле жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турум адам өмүрүн жана ден соолукту сактап калууга жардам берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом