Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Талапкерлерди каралаган маалымат үчүн айып пул салынат
06.10.2025 | 16:30

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин ар-намысына шек келтирип, интернетте же массалык маалымат каражаттарында кемсинткен адамдарга айып пул салынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.
Анын айтымында, мындай учурлар боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, ишти сотко өткөрөт. Эгер сот жалган маалымат таратылганын аныктаса,
- жеке адамдар 20 миң сом,
- маалымат каражаттары 65 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 10-февралынан тарта Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, интернет аркылуу мазактоо же кадыр-баркына шек келтирүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн.