Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Жол оңдоо: Бишкектеги Кулиев көчөсүндө жаңы асфальт төшөөгө даярдык жүрүп жатат
06.10.2025 | 16:11

Бишкекте «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын «Сапат Геодезия» подряддык уюму Кулиев көчөсүн балдар аянтчасынан Максат көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда бригада канализациялык кудуктарды көтөрүү жана жер иштерин пландаштыруу иштерин аткарып жатат. Бул — жаңы жол катмарын төшөөгө даярдык этабы.
Буга чейин аталган тилкеге жолдун абалын жакшыртуу үчүн бир нече жолу шагыл төгүлгөн.
Оңдоо иштери «Көлмө» конушунун тургундарынын коопсуздугун камсыздоого жана жол инфраструктурасынын сапатын жакшыртууга багытталган.