Касымалиев: Кыргызстанды ЕБдин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүүдө

07.10.2025 | 11:32

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев учурда Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда.  жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Кыргызстандын делегациясы Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселени талкуулоодо.

“Жакынкы келечекте Европа асманы кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылары күтүлүүдө. Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат: аэропортторду модернизациялоону аяктоо, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, Кыргызстанды Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыңдоо жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо”,- деп билдирди өкмөт башчы.

Scroll to Top