ЮНИСЕФ балдарга жардам берүү үчүн Кыргызстанда кайрымдуулук акчасын чогулта баштайт

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү жана чет жактардагы кыйынчылыктарга кабылган балдарга жардам берүү максатында Кыргызстанда кайрымдуулук акчасын чогулткан алгачкы өнөктүгүн баштоодо. Бул тууралуу фонддун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулуктан түшкөн акчалар төмөнкү балдарды колдоого багытталган:
- Газадагы гуманитардык кризистен жабыркаган балдарды;
- Суданда, Йеменде, Газада жана башка өлкөлөрдө азык-түлүктүн тартыштыгынан жапа чегип жаткан балдарды;
- Кыргызстанда абанын булгануусунан азап чеккен балдарды;
- Кыргызстанда саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык интеграция чөйрөлөрүндө тоскоолдуктарга туш болуп жаткан, майыптыгы бар балдарды.
“Ондогон жылдар бою Кыргызстандын балдары дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган адамдардын берешендигинин жана колдоосунун аркасында ЮНИСЕФтен жардам алып келишкен. Эми болсо ЮНИСЕФ Кыргызстандын жарандарын дүйнө жүзүндөгү балдарга да камкордугун жана тилектештигин көрсөтүүгө чакырат”,- деп билдирди фонд.
Фонддун маалыматында, кайрымдуулук каражаттары ар кандай санариптик платформаларда ишке ашык, жарандарга онлайн режиминде бир жолку же туруктуу негизде акчалай салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.