Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

07.10.2025 | 14:41

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте (ММБМА) жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө коррупциялык схема аныктаганын маалымдады.

Маалыматка караганда, электрондук аукциондорду өткөрүү жана ижарадан түшкөн кирешелерди көзөмөлдөөдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Тактап айтканда, агенттиктин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордо жасалма протоколдорду колдонуп, электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акчаны мыйзамсыз которушкан.

Андан соң бул каражаттар жооптуу кызматкерлер тарабынан өздөрүнүн материалдык баюусу үчүн өздөштүрүлгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2025-жылдын 3-октябрында агенттиктин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) С.А.Н., 1996-жылы туулган, УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Scroll to Top