Жээнбек Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Отурумга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер мекемелеринин башчылары жана Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышкан. Алар түрк аймагындагы стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун, ошондой эле ТМУну институционалдык жактан чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусунун жыйынтыктарын чыгарып, ишке ашырылган негизги жетишкендиктерге жана демилгелерге токтолгон. Ал катышуучу өлкөлөргө жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун форматында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтула берерин баса белгилеген.