Бишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштадыМСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат
Бишкектин бир катар аймактарында бүгүн суу өчүрүлөт
09.10.2025 | 09:33
Бүгүн саат 9:00дөн кечки 20:00гө чейин борбор калаанын айрым аймактарында муздак суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу өчүрүү иш-чарасы «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаар ичиндеги таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.
Суу жок боло турган аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Манас проспектиси;
- Ала-Арча дарыясына чейинки темир жол линиясы;
- Бөкөнбаев көчөсү;
- Кулиев көчөсү;
- Москва көчөсү;
- Дмитров көчөсү;
- Орозов көчөсү;
- Казаков көчөсү;
- Дэн Сяопин проспектиси;
- Жибек Жолу проспектиси;
- Жаш Гвардия бульвары;
- Михаил Фрунзе көчөсү;
- Турусбеков көчөсү;
- Чүй проспектиси.
Мэриянын маалыматы боюнча, суу өчүрүү турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана өнөр жай объектилерине да таасирин тийгизет.
«Бишкексууканал» ишканасы шаар тургундарынан жана мекеме-ишканалардан түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

