Дональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыялады
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Израиль менен ХАМАСтын ортосунда макулдашууга жетишилгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости АКШ президентинин Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына шилтеме берип жазды.
Маалым болгондой, карама-каршы тараптар кырдаалды жөнгө салуу боюнча пландын биринчи этабын аткарууга макул болушкан. Тактап айтканда, палестиналык кыймыл барымтадагыларды бошотот, ал эми Израиль аскерлерин артка чакырат.
“Мен Израиль жана ХАМАС биздин тынчтык планыбыздын биринчи этабына кол койгонун сыймыктануу менен билдирем. Израиль узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкка карай алгачкы кадам катары аскерлерин макулдашылган чек араларга чейин артка кайтарат”, — деп жазган Трамп.
Анын айтымында, бул бардык барымтадагылар жакынкы убакта бошотулат дегенди билдирет.