Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту
09.10.2025 | 20:57

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушканын КР президентинин администрациясы кабарлады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкө аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, бири-биринин демилгелерин колдоп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү жөнүндө макулдашышты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу “Борбор Азия — Россия” саммитине жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешине даярдыктын алкагында өттү.