ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна катыша тургандыгын билдирди

10.10.2025 | 15:35

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азиядагы кайра жаралуучу энергия тармагындагы эң ири долбоорлордун бири болгон Нарын дарыясындагы Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна катышуусун активдештирип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассо, Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана Туруктуу инфраструктура боюнча тобунун башкаруучу директору Гарри Бойд-Карпентер, ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлган. Бул келишимдер долбоорду даярдоону тездетүүгө жана анын ишке ашырууга жол ачат.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан катышкан үч тараптуу биргелешкен ишкана форматында аймактын энергиялык жана суу коопсуздугун чыңдоо максатында ишке ашырылууда.

Станция төрт турбина менен жабдылып, жалпы кубаттуулугу 1860 мегаватты түзөт жана жылына болжол менен 5,6 млрд киловатт саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Scroll to Top