Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кеминде чабан жаракат алган бугунун баласын куткарып калды
10.10.2025 | 15:55

Кемин районунун Боо-Жетпес коктусунда Кызыл китепке кирген бугу маралдын музоосу куткарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, малчы С.Э. бир ай мурун жайлоодо жаракат алган бугунун музоосун таап, койлору менен кошо багып, анын жараатын айыктырган. Жаныбар айыккандан кийин ал жаратылышты коргоо бөлүмүнө кайрылган.
Музоо NABU уюмунун Терек-Сулуу коктусундагы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна өткөрүлүп берилди. Малчыга ыраазычылык билдирилип, тиешелүү акт түзүлдү.
Эске салсак, бугу марал Кыргызстан Республикасынын Кызыл китебине кирген жаныбар болуп саналат. Аны мыйзамсыз жок кылуу үчүн 1,5 миллион сомго чейин айып каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом