Ак-Ордодогу үрөй учурган кылмыш боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду

Ак-Ордо конушундагы адам өлтүрүү иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Маалыматка караганда, кылмыш болгон жерде табылган кызыл кепка башында ак болгон, бирок канга боёлуп кызыл түскө айланган.
Тергөөдө шектүү аталган конушка 10-октябрда саат 20:00дөр чамасында барганы жана жабыркагандардын үйүн туш келди тандап алгандыгы аныкталды.
Кылмыш жасагандан кийин ал хостелге кайтып барып, таңга маал Ысык-Көлгө чыгып кеткен. Колдонгон бычагын Боом капчыгайынан ыргыткан деп айтылат.
Маалым болгондой, шектүү бул ишке чейин эки жума мурда Чолпон-Атадагы жумушунан чыгып, Бишкекке келген. Ал көлдөгү кафелердин биринде официант болуп иштеген, борбор калаага келгенден кийин хостелде жашап жүргөн.
Учурда тергөө иштери уланып, шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу да текшерилип жатат.