Шайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү.
Өкмөттөн кабарлашкандай, минКаб төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамдын чегинде өткөрүүгө кепилдик берип, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды түзүп, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев жооптуу органдарга бардык шайлоо участкаларында коомдук тартипти, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону жана ишенимдүү интернет байланышын камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле, төрага уюштуруу-техникалык жактан пайда болушу мүмкүн болгон маселелерге ыкчам чара көрүүнү жана шайлоону ырааттуу өткөрүү үчүн бардык ведомстволор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу кызматташуусун камсыздоону талап кылды.