Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдү
23.04.2026 | 12:07

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына ай сайын берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун берүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинети үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Токтомго ылайык, жөлөк пул алуу шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү (заводдон чыккан жылды кошкондо) 20 жылдан 15 жылга кыскартылды;
- менчигинде бир гана турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алууга укуктуу, ал
эми эки же андан көп турак жайы барларга бул жөлөк пул берилбейт; - муктаждыкты аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000
сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Министрлик райондук коэффициент каралган калктуу конуштарда жашаган жарандарга жөлөк пул тиешелүү коэффициентти кошуу менен төлөнөрүн кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом