Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
14.10.2025 | 17:43

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын ИИМи тарабынан уюштурулган мелдеш 6–10-октябрда Москва шаарында өткөн. Ага арасына Кыргызстан, Беларусь, Абхазия жана Орусиядан келген жалпы 10 команда ат салышкан.
Мелдештин жыйынтыгында ИИМдин БМЖКККнын командасы «Учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу башкаруу жана максаттарды издөө» багыты боюнча 3-орунду ээлеген.
Ошондой эле, бул мелдештин алкагында команда «Асмандын сакчылары» жана «Жеңишке болгон эрк» номинациялары боюнча өзгөчө сыйлыктарга татыган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар