Ири түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдар

16.10.2025 | 13:29

«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов бир нече тармактагы дүйнөлүк алдыңкы ишкананын ээси Эмрах Далкая менен жолукту. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын маалыматында, Эмрах Далкая Стамбулда өткөн кыргыз-түрк ишкерлеринин отурумунда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда курулуп баштаган ири курорт тууралуу угуп, атайын Кыргызстанга келген.

Жолугушууда Жаркынбек Максутов ишкерге «Ала-Тоо Резорт» долбоору тууралуу кеңири маалымат берип, Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу демилге тууралуу түшүндүрүп берген.

Эмрах Далкая Түркияда мындай ири курорт курула электигин айтып, «Ала-Тоо Резорт» долбоору тууралуу түрк ишкерлерине жайылтарын билдирген. Ошондой эле ал жакынкы убакта пландалып жаткан туристтик объектилер курулчу жерлер коюла турган аукционго катышууга чакырган.

Scroll to Top