Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Кыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилди
16.10.2025 | 12:33

Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги ак ниетсиз курулушчулардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, мекеменин кара тизмесине 44 курулуш компаниясы кирди.
Компаниялар төмөнкү себептер менен кара тизмеге алынган:
- курулуш-монтаж иштеринде лицензиялык талаптарды жана курулуш нормаларын одоно бузуу;
- берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;
- мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;
- курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай компанияларга эскертүү берилгенден кийин 90 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта кара тизмеден чыгарылууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгер белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясын сот аркылуу жокко чыгаруу процесси башталат.