Бишкекте КРВИ чалдыккандар көбөйдү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы эскертүү берди

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматына караганда, Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) чалдыккандардын саны көбөйүүдө.
Өткөн жумада тез жардам бөлүмүнө 1334 бейтап кайрылган, алардын 26% КРВИ менен ооруган. Ооруканага жалпы 500 бейтап жаткырылып, алардын 42% КРВИ менен ооруган, негизинен балдар. Реанимацияда учурда 6 бейтап жатат, алардын 5и балдар, алардын ичинен 4ү бир жашка чейинки.
Дарыгерлер шаар тургундарын эл көп чогулган жерлерден жана жабык балдар аянтчаларынан алыс болууга, КРВИнын алгачкы белгилери байкалганда үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууга чакырышты.
Эскертүүлөргө ылайык:
- Оорулуу менен байланыш чектелсин, өзгөчө биринчи үч күндө;
- Массалык иш-чараларга барбоо, коомдук транспортту аз колдонуу, бет кап кийүү;
- Жеке гигиена эрежелерин сактоо;
- Организмдин коргонуу күчүн колдоо үчүн жетиштүү тамактануу, көнүгүү жана уктоо;
- Тамеки чегүүнү токтотуу, мурунду туздуу эритме менен чайкоо;
- Балдарды сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүү (60–90% коргоо).
Республикалык оорукананын жетекчилиги өз алдынча дарыланбоого, дене таб көтөрүлсө дароо дарыгерге кайрылууга чакырды.