Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Ош шаарындагы ири өрттү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү
21.10.2025 | 21:30

Ош шаарында чыккан ири өрт кырсыгын иликтөө жана талдоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Комиссияны министрдин орун басары Эрнест Жусупов жетектейт. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери, көп кабаттуу үйдүн суу гидранттарынын абалы жана башка өрт коопсуздугу боюнча талаптар изилденүүдө.
Эске салсак, Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттүн жалпы аянты 1895 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 8 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, ыкчам топ жана 4 куткаруучу тартылган.