Бишкекте таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты өтөтМинкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады«Жаратман МУУН»: Бишкекте келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөтУлуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүнБишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөтКыргызстандык окуучулар күзгү каникулга 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин чыгышат
Ошто жеке нотариус документтерди жасалмалоого шектелип кармалды
24.04.2026 | 09:57

Ош шаарында жеке нотариус жана эки жаран документтерди жасалмалоого шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г. жана ортомчулук кылган Х.С.И. менен Т.И.М. аттуу жарандар документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалышкан.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иштин жагдайларын жана башка адамдардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар