Бишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт
Өлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүн
23.10.2025 | 11:10

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы октябрь айынын аягына чейин гана жетет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Россиядагы ички рыноктогу чектөөлөрдөн улам кыргызстандык импорттоочуларга бөлүнгөн май көлөмү азайып, жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда.
Ведомствонун маалыматы боюнча, абал туруктуу бойдон калбаса, күйүүчү майдын баасы 15%га чейин өсүшү ыктымал.
Күйүүчү майдын кескин кымбатташын алдын алуу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги бир катар убактылуу чараларды сунуштады:
- Салыктын жүгүн азайтуу. Акциздик жана кошумча нарк салыгын, Жол фондуна чегерүүлөрдү, күйүүчү майды маркалоо жана экологиялык төлөмдөрдү кыскартуу сунушталууда. Учурда бул төлөмдөр күйүүчү майдын өздүк баасынын болжол менен 20%ын түзөт.
- Нефтетрейдерлерге жеңилдетилген насыя берүү. Бул чара Россиядагы заводдордон жогорку баада күйүүчү май сатып алууга жана рыноктогу жетишсиздикти убактылуу жабууга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом