Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Президенттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катышты
23.10.2025 | 16:46

Бүгүн президенттик администрациянын кызматкерлери “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” аттуу экологиялык акцияга катышышты.
Администрациянын маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында алар таза абада сейилдеп, жапайы жаратылыштын символу болгон ак илбирсти сактоо — келечек муун үчүн маанилүү милдет экенин эске салышты.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бүгүнкү күндүн 23 мүнөтүн таза абада сейилдөөгө же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого арноого чакырган.
Акциянын максаты — жаратылышты коргоо жана ак илбирс сыяктуу сейрек жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом