Бишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда
Бишкек шаарында Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан 180 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Муниципалитеттин билдирүүсүндө айтылгандай, жалпы аянты 1 800 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 0,6 гектар жер тилкесинде жайгашкан.
Биринчи кабатта төрт тайпанын оюн жана уктоочу бөлмөлөрү, буфет, кир жуугуч, үтүктөөчү жай, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана жана техникалык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатта дагы төрт тайпага ылайыкталган оюн жана уктоочу бөлмөлөр, жетекчинин кабинети, музыкалык жана гимнастикалык залдар каралган.
Учурда демонтаждоо, ички электромонтаж жана канализация иштеринин баары аяктап, ички жасалгалоо жана айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери уланууда. Ошондой эле имараттын фасады жана тосмолору орнотулуп бүттү.