Бишкектин жаңы башкы планы: ар райондун өз борбору болот

27.10.2025 | 11:01

Бишкектин башкы планы кабыл алынса, шаардагы төрт райондун ар бири өз борборуна ээ болот. Бул тууралуу башкы архитектордун орун басары Азирет Азимов билдирди.

Ал белгилегендей, борборлор төмөнкүчө жайгашат:

  • Ленин району: азыр курулуп жаткан “Азаттык арена” стадиону
  • Биринчи май району: жаңы курулуп жаткан “Ош” базары, вокзал, аэропорт жолунун эки тарабы
  • Октябрь району: Туңгучка бараткан Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймак
  • Свердлов району: Тоголок Молдо — Щербаков көчөлөрүндөгү жер

Башкы план шаар борборун гана эмес, четин да өнүктүрүүгө багытталган.

Scroll to Top