ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды
28.10.2025 | 12:33

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай айдоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик күздүк буудай эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу экенин билдирди. Ошондой эле күздүк буудайды айдоонун пайдалуу жактарын санады:
- Жогорку түшүмдүүлүк – жогорку киреше. Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет.
- Эрте бышып жетилет. Күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
- Кургакчылыкка туруктуу. Күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт.
- Азыкты топтоо. Күздүк эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.
- Жаздагы жумушту азайтуу менен убакытты туура пайдалануу. Күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом