ЖКККББ мыйзамсыз жарык берүүчү түзүлүштөрдү орноткон жеке “тез жардамдарга” айып пул салды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мыйзамсыз жарык берүүчү түзүлүштөрү бар “жеке тез жардам” унааларына айып пул салды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз жарык берүүчү түзүлүштөр (маячоктор) орнотулган беш жеке тез жардам унаасы аныкталды.
Ар бир айдоочуга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды, ал эми унаалар айып аянтчасына токтотулду.
ЖКККББ жаркыраган маячокторду колдонууда бир гана көк түскө уруксат берилгенин эскертти. Башка түстөгү жарык белгилерин орнотуу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана административдик жоопкерчиликке алып келет.
Башкы башкармалык жеке медициналык кызматтарды жол кыймылынын коопсуздугун сактоого жана эрежелерди так аткарууга чакырды, анткени мыйзамсыз аракеттер жолдо жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун коркунучка салат.